Биз изилдөө жана өнүктүрүү үчүн жылдык сатуудан түшкөн кирешенин 10% бөлөбүз. Биздин жетишкендиктерибиз акыркы илимий-техникалык маалыматтарды колдонуунун, эң алдыңкы илимий-изилдөө институттары менен кызматташуунун жана алдыңкы адистерибиздин билиминин натыйжасы.
Продукцияларды жаратууда биз бейтаптардын муктаждыктарына жана талаптарына көңүл бурабыз. Ошондуктан КРКА компаниясынын инновациялары натыйжалуу дарылоого көмөктөшөт жана бейтаптын дайындалган терапияга ылайыктуулугун жакшыртат. Биз жаңы дарыларды жакшыртылган дарылык формаларда иштеп чыгабыз, өндүрүш процесстерин тынымсыз көзөмөлдөп, өркүндөтөбүз, мунун бардыгы биздин айлана-чөйрөгө, коомго жана КРКАнын кызматкерлерине болгон жоопкерчиликтүү мамилебизге негизделет.